Чолпон-Ата шаарында 1 жума мурун муунтулуп өлтүрүлгөн баланын өлүмүнө шектүүнү издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу 8-октябрда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
«Баланы муунтуп өлтүрүүгө шектелген адамды издөө иштери уланып жатат. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон, тергөө амалдары жүрүүдө», – деп билдиришти облустук милициядан.
Эске салсак, 1-октябрь күнү эртең менен милицияга арыз менен жергиликтүү тургундардын бири кайрылган. Анда ал 9 жаштагы баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Арадан көп убакыт өтпөй баланын жансыз денеси табылган. Ошондой эле бала аутизм синдрому менен жабыркап келгени маалымдалып, экспертизанын жыйынтыгына ылайык, бала киши колдуу болгону аныкталган.
Булак: “Мантыш”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ