Globalpetrolprices порталы түзгөн рейтингде Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча эң арзан күйүүчү май сатылуучу өлкөлөрдүн катарына кирди. Бул тизмеде Кыргызстан 164 мамлекеттин ичинен 22-орунду ээледи. Өлкөдө күйүүчү майга болгон орточо баа 67 центти түзөт, дүйнө жүзүндө болсо бул көрсөткүч 1,17 долларга жетет.
Ал эми эң арзан күйүүчү май Венесуэлада деп табылды, литрине болгону 1 цент. Алдынкы үч орунду Иран (29 цент) жана Судан (34 цент) камтыйт. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен алдыңкы орундарды Казахстан(11-орун) менен Өзбекстан(12-орун) ээлейт. (48 жана 52 цент).
Эн кымбат күйүүчү май Грецияда, 1 литри 2,21 долларды түзөт.
Бишкектин эң чоң АЗСтеринин официалдык сайттарынан алынган маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө Аи-92 үлгүсүндөгү күйүүчү май орточо эсеп менен 43,3 сомду, дизель майы 45,2, ал эми куйуучу газ 26,25 сомду түзөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ