Menu

Видео – Орозбек Молдалиев, саясат талдоочу: “Атамбаев адам болбой калды, “мылтыгым да, тапанчам да бар, өлүмдөн намыс артык” деп коркутканы 6 жыл мамлекет башкарган киши эмес, “чёрныйлар” айта турган сөз”

Бөлүшүү:

“Атамбаевдин тынчтыкка чакырам деп айткан сөзү мындай калган сөздөрүнүн фонунда билинбей эле калды. Бул жерден биз биринчи көңүл бура турган маселе, 2005-жылы Бакиев президент болуп келгенде Ак үйдүн астына чыгып алып, “мен өзүм атканды жакшы билем, бийлигимди керек болсо курал менен коргойм” деген эле”, – деп билдирди саясат талдоочу Орозбек Молдалиев 22-июнда Алмаз Атамбаевдин тарапкерлеринин алдында сүйлөгөн сөзүн комментарийлеп жатып.

“Андан кийин Албек Ибраимов айтты эле “келип көргүлө, мен снайперлерди коюп койгом” деп. Эми Атамбаев болсо “менин мылтыгым да бар, тапанчам да бар” деп эле коркутуп жатат. Бул кечээ күнү президент болуп мамлекет башкарып жүргөн киши айта турган сөз эмес. Эгерде салабаттуу киши болсо айтат эле “албетте биз мыйзамдуу мамлекет курабыз деп аракет кылып жаткан мезгилдебиз, демократия куруп жатабыз. Ошол мезгилге жараша мени күнөөлүү деп тапса мен мыйзамдын алдында жооп берүүгө даярмын” деп айтса бул эң акылман сөз болот эле да. Ал эмне деп коркутканы “менин мылтыгым бар, анан тапанчам бар, анан намыс өлүмдөн артык” деген сөздөрдөн башка сөздөр оозуна келбей жатат. Бул эми эмнени билдирет? Атамбаевди 6 жылдын ичинде  бийлик муну биротоло бузуп таштады, ажыдаар болуп калды, өзү айтып жүргөн. Азыр ажыдаар тынчтана албай жатат. Адам болбой калды бул киши. Адам минтип сүйлөбөйт да. Акыл-эстүү киши болсо айтат болчу “мейли, карагыла, мен эл шайлаган Жогорку Кеңештин чечимине, соттун өкүмүнө чечим чыгарса макул болом. Эгер булар жаңылып калса прокуратура, сот чечсин”, деп койбойбу. Эң өкүнүчтүүсү – бул биздин улуттук аң сезимибиздин ушунчалык деңгээлде экендигинде. Элита деп айтканыбыз менен улуттук лидер жок болуп жатпайбы. Биздин трагедиябыз ушул бүгүнкү күндөгү. Алты жыл мамлекетти башкарган адамдын айткан сөзү жанагы ” мен тапанча менен тосуп алам, мылтык менен тосуп алам, анан баланча кылып таштайм” деген. Мындай сандырак сөздөрдү айылдагы аялдар деле билет. Конституцияда баары мыйзам алдында бирдей деп жазылып турат. Экс-президент үчүн мыйзам жок деп конституцияда жазылган эмес. Албетте 2007-жылга чейин президенттин кол тийбестиктери бар болчу, 2007-жылы президенттин кол тийбестиги конституциядан алынып салынган. Анан биздин депутаттар ошол кол тийбестикти кайра киргизип, анан кайта алып жатканы биздин азыркы абалыбызды мүнөздөйт. Муну көрүп, башкалар деле кылмыш кылып “эмнеге Атамбаев мыйзамга баш ийбейт, мен деле баш ийбейм” десе эмне кылабыз? Атамбаевдин айткандары бул “чёрныйлардын” айта турган сөзү “келип көрсүн, мен баары бир колго түшүп бербейм” дегендей болуп. Атамбаев эмне, биздин мамлекеттин ичинде жүргөн партизанбы “эгерде келсе мен тирүү колго түшүп бербейм” дегендей. Мыйзамга эмне үчүн баш ийбейт экен. Аябай таңкалыштуу маселе ушул болуп жатат. “Кой, мен ошол мыйзамга баш ийип берем” деш керек эле. Мына, Каримовдун кызы баш ийип берип жатат. “Мен азыр акылыма келдим, мен туура эмес иштерди жасаптырмын, мен бүт байлыгымдан баш тартам”, деп кечирим сурап кат жазып Мирзиёевге кайрылып жатат ошол кыз. Эми Атамбаев ошол бир аялчалык болбойбу, эркек киши.  Ушул жери туура эмес болуп калды”, –  деди Орозбек Молдалиев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: