Menu

УКМК: КР ИИМинин медициналык башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды

Бөлүшүү:

КР УКМК ККК КР мамлекеттик органдардагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, КРнын Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан КРнын Ички иштер башкармалыгында кызмат өтөөгө талапкерлерден ылайыктуулугун оң жака чечип медициналык корутунду бергени үчүн пара алуу фактылары аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 27-октябрында КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жыйынтыгында КР ИИМ Медициналык башкармалыктын башчысы Аскердик-медициналык комиссиянын төрагасы, полковник «Ж.Ж.К.» кармалган.

КРнын УКМК ККК тергөө кылмыш ишинин алкагында, КРнын Ички иштер башкармалыгынын кызматына талапкерлерден, анын ичинде КРнын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция кызматынын жаңы түзүлгөн департаментинен ден-соолугунун абалы талапка жооп бербегендиктен (боюнун кыскалыгы, салмагынын ашыктыгы, көзүнүнүн начар көрүшү ж.б.), алардан акча каражаттарын алуу фактылары катталгандыгы аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (Пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

КР УКМК ККК КРнын Ички иштер министрлигинин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тандоодо коррупциялык көрүнүштөргө катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө жана ыкчам-издөө иш чараларын улантып жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: