Кечээ, 28-декабрда КТРК коомдук телеканалында Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин теледебаты өттү.
Телеалыпбаруучулар Алмаз Касымалиев жана Светлана Акматалиева дебаттын катышуучуларын көрүүчүлөргө тааныштырышты. Алар: Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев.
Андан кийин талапкерлерге бийликтин сот бутагына байланыштуу суроолор берилди: ушул жылдар аралыгында чечилбей келе жаткан көйгөйлөр жана сотторду реформалоо аракеттери. Коомдо сотторго ишеним жок болуп жатат. Кантип сот бийлигин адилеттүү жана чындап көзкарандысыз кылуу керек?
Клара Сооронкулованын айтымында, Кыргызстандагы сот реформасы 30 жылдан бери жүрүп келе жатат жана бул олуттуу көйгөй.
“Мамлекет сот тутумунда белгилүү кадамдарды жасап жатат, бирок алар кандай гана иш жасашпасын, бардыгы жарандардын кызыкчылыгы, сот адилеттиги үчүн эмес, соттордун кызыкчылыгы үчүн жасалууда”, – деди Сооронкулова.
Ал мисал келтирди, учурда Кыргызстанды башкарып жаткандар эки кылмыш иши боюнча беш мүнөттүн ичинде акталды, ал эми көптөгөн адамдар акыйкат чечимди көп жылдар бою күтүп келишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ