Бүгүн, 30-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 189 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 65, Ош шаарынан – 13, Чүй облусунан – 63, Ош облусунан – 13, Талас облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 24, Жалал-Абад облусунан – 10, Нарын облусунан – 3 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 80 843 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 290 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 75 624кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 93, Ош шаарынан – 8, Чүй облусунан – 96, Ош облусунан – 17, Талас облусунан –3, Ысык-Көл облусунан – 36, Жалал-Абад облусунан – 23, Баткен облусунан – 7, Нарын облусунан – 7.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 1 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1354кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ