Menu

Видео – Жалгыз жашаган 85 жаштагы апа Садыр Жапаровго кайрылып жалгыз уулун абактан бошотуп беришин суранды

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды улантууда. Ал Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушту. Анда Садыр Жапаровго 85 жаштагы апа кайрылды.

Анын айтымында, ал жалгыз жашайт. Жалгыз уулу болсо камакта жатат.

“Садыр Жапаров менин жалгыз балам бар эле. Бир жарым жылдан бери камакта отурат. Мен кокус каза болуп калсам, мени көмөөр киши жок. Ушул баламды бошотуп беришиңди суранам”, – деди 85 жаштагы апа.

Бул учурда Садыр Жапаров эмне маселе менен камалганын сурады.

85 жаштагы апанын айтымында, баласы мушташтын айынан камалып кеткен. Андан башка күнөөсү жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: