Menu

Кой-Таш окуялары: Бүгүн сот отурумуна башкы айыпталуучу Алмазбек Атамбаев келген жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сот иши уланууда.

Маалыматка ылайык, сот отурумуна башкы айыпталуучу Алмазбек Атамбаев келбегени белгилүү болду.

Белгилүү болгондой, мурунку мамлекет башчынын кан басымынын төмөндүгүнөн тышкары, башка оорулары дагы козголуп жатат. Сотко Алмазбек Атамбаевден тышкары айыпталуучу Ирина Карамушкина менен Төрөхан Тынымсейитов дагы келген жок.

Сот отурумуна Фарид Ниязов жана 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш айылындагы кылмыш иши боюнча айыпталуучулар келишкен.

Белгилей кетсек, буга чейин сот мыйзамсыз баюу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча кылмыш иштерин бириктирген. Бул иш Субихи Пархатиге байланыштуу. 2017-жылы, тергөөнүн версиясы боюнча, Алмазбек Атамбаев «Форум» ЖЧКсын сатканы үчүн андан 54 миллион сом алган. Ошондой эле Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча козголгон кылмыш ишине башка кылмыштар бириктирилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: