Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-декабрда, КРнын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары күн тартибинде турган актуалдуу маселелер жана өлкөлөр ортосундагы мындан аркы кызматташуу кадамдарын талкуулашты.

Талант Мамытов коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоосу жана гуманитардык жардамы үчүн Шавкат Мирзиёевге ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле президенттин милдетин аткаруучу Кыргызстандын Өзбекстан менен саясий кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө бекем ниеттенгенине ишендирди.

Баарлашуу соңунда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Шавкат Мирзиёевди жана жалпы Өзбекстан элин келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен куттуктап, кыргыз тараптын Өзбекстан Республикасы менен эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө даяр экенин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: