Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда ал Facebook социалдык тармагындагы расмий баракчасы аркылуу билирди.
Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду юстиция органдарында декабрь айынын башында катталган.
“Фонддун негизги максаты – коомдун руханий, маданий жана илимий деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаратман демилгелерди колдоо. Жогоруда белгиленген максаттарды турмушка ашыруу үчүн фонддун ишмердүүлүгү социалдык, маданий, кайрымдуулук жана өлкө үчүн пайдалуу дагы башка иштерди жүргүзүүгө багытталат” – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ