Кечээ, 30-декабрда КТРК коомдук телеканалында Кыргызстандагы президенттикке талапкерлердин теледебаты өттү.
Дебаттарга Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Жеңишбек Байгуттиев жана Абдил Сегизбаев катышты.
Курсан Асанов октябрь айында бийликтин алмашуусу жана Бишкекти коргоо боюнча элдик кошуундардын иш-аракеттери жөнүндө комментарий берди.
“Бизде үч революция болду, алардын ар бири үчүн президентти күнөөлөө болгон. Бирок менимче андай эмес. Менин оюмча, укук коргоо органдарынын жетекчилери күнөөлүү. Бүгүнкү күнгө чейин эч ким жоопко тартылган жок. Октябрь айында биздин бийлик алмашты. Муну дагы революция деп аташат. Бирок алар эмне деп аташса дагы, бул бийликтин, президенттин адилетсиздигинен улам келип чыккан. Ал эми биздин жаштар аны жасашты. Ошол эле учурда биздин шаарды ким коргоду? Биринчи кезекте булар Бишкектин жана аймактардын жаштары. Шаарды сактап калышты жана аймактык бөлүнүүгө жол берилген жок. Мен ошол күндөрү ушул жаштардын катарында болгон кесиптештерим менен сыймыктанам “, – деди Асанов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ