Menu

Тажикстан тышкы карыздарын төлөө мөөнөтүн узартууну өтүндү

Бөлүшүү:

Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстан инвестор-мамлекеттерге кайрылып, өлкөнүн тышкы карыздары менен пайыздарын төлөө мөөнөтүн 2021-жылдын ортосуна чейин жылдыра турууну өтүндү. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын декабрдын аягында жарыяланган баяндамасында айтылат.

Баяндамада насыяларды төлөө мөөнөттөрүнүн жылдырылышы Тажикстанга социалдык тармакка, саламаттык сактоого жана коронавируска каршы күрөшүүгө көбүрөөк каражат бөлүүгө мүмкүндүк бере тургандыгы белгиленген.

Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, азырынча тажик бийлигинин өтүнүчүнө Кытай гана жооп берип, карызды төлөө мөөнөтүн 2021-жылдын ортосуна чейин жылдырууга макул болду.

Өткөн жылы ноябрда Тажикстандын каржы министри Файзиддин Каххорзода өкмөт 2021-жылы эл аралык каржы уюмдарынан 562 миллион доллар насыя алууну пландап жатканын, анын негизги бөлүгү Рогун ГЭСин куруп бүткөрүүгө жумшала турганын билдирген.

2020-жылдын 1-октябрына карата Тажикстандын тышкы карызы 3,7 миллиард долларга жеткен. Бул өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 43,3% түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: