Menu

ИИМ: Ички иштер министри Улан Ниязбеков алдыда өтө турган шайлоого көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу онлайн жыйын өткөрдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-январда КРнын ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков КРнын президентин шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча ички иштер органдарынын бир катар жетекчилерине онлайн жыйын өткөрдү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышкан.

Министр онлайн чогулушта шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук тартиптин сакталышы, мыйзамдуулукту сактоо жана ар кандай тартип бузууларга өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чараларды көрүү керектигин да белгилеп тапшырмаларды берген.

“ИИМдин атайын буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын президентин шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында 8-январдан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн күжүрмөн даярдыкка өткөрүлөт. Атайын иш пландарга ылайык 11миңден ашуун кызматкерлер коомдук тартипти сактоого тартылат. Бүгүнкү күнү шайлоо тилкелерине бөлүнгөн 5000ден ашуун кызматкерлер аныкталып, такталып шайлоо тилкелерин толугу менен кайтарууга алышты. Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында иш-чараларды аткаруу милдеттерине көмөк көрсөтүү максатында БШК менен иш-алып баруу үчүн ИИМдин кызматтарынан кирген жумушчу топ ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө”,-деп баса белгилеген министр.

Ошондой эле, 2021-жылдын 2-январында “Учкун” ААКнын имаратында КРнын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү жана КРнын референдумун өткөрүү үчүн даярдалган бюллетендерди Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй областтык, Бишкек жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөдөгү участокторго кабыл алуу жана өткөрүп берүү иш-чаралары өткөрүлгөн. Ага ылайык Ички иштер министрлигинин бюллетендер ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жер-жерлерге жеткирилгендигин белгилеген.

““Учкун” ААКсы бюллетендерди тынымсыз (күнү-түнү) басып чыгаруу процессине БШКнын мүчөлөрү, БШКнын аппаратынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери курамында турган жумушчу топ тарабынан жүргүзүлгөн.

“Учкун” ААКсынын басмаканасына басылып чыккан бюллетендерди көзөмөлдөн (тестирлөөдөн) өткөрүп туруучу жабдуулардын топтому орнотулган. Коопсуздукту УКМК жана ИИМдин кызматкерлери камсыздашты.

Учурда ИИМдин кызматкерлери КРнын президентин шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого толугу менен даяр”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: