Бишкекте унаасына жасалма мамлекеттик номур тагып айдап жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 4-январда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып болжол менен саат 10:30 чамасында Фучик жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузган “БМВ” үлгүсүндөгү авто унааны токтотушкан.
Текшерүү учурунда Ж.Э. аттуу айдоочу авто унаасынын мамлекеттик номерин жасалма номер менен алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча авто унаа убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, ал эми айдоочу Биринчи май райондук ИИБнын ыкчам тергөө тобуна өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ