КРнын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.
Аталган мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 172 891,6 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 181 354,8 млн. сом суммасында бекитилди. 2020-жылга республика бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 8 463,2 млн. сом суммасында белгиленди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ