Menu

Өзбекстандык мигранттарды Шереметьево аэропортунда үч сутка кармашып, кайра артка жөнөтүштү

Бөлүшүү:

Өзбекстандын ондогон жарандары үч сутка Москванын Шереметьево аэропортунда болушуп, бирок Орусиянын аймагына өтө алышкан жок. Төртүнчү күнү аларды үйлөрүнө жөнөтүштү.

Жүргүнчүлөргө кандай мыйзамды бузушканын түшүндүрүшкөн жок: алардын баары Орусияга туугандарыныкына же дарыланууга келишкен жана колдорунда керектүү документтери болгон. Чек ара кызматы алардын паспортторун себепсиз алып койгон жана аэропорттун транзиттик зонасынан өткөргөн эмес.

Транзиттик зонадан чыга албагандыктан өзбекстандыктар аэропорттун ичиндеги дүкөндөрдөн тамак алып жегенге мажбур болушканын айтышууда. Көпчүлүк үчүн бул өтө чоң чыгаша. Укук коргоочулардын билдиришинче, жүргүнчүлөргө жана алардын балдарына түнкүсүн жатууга жай каралган эмес.

Шереметьево аэропортунун маалымат кызматы “Настоящее Время” телеканалына бул тууралуу кабары жок экенин билдирди.

Укук коргоочу Бахром Хамроева аэропортто Өзбекстан жарандарынын кармалышы – Кремлдин Ташкентке карата кандайдыр бир саясий сигналы болушу ыктымал экенин айтты.

Бул арада жүргүнчүлөр эч кандай себепсиз чек арадан өткөрбөй койгону үчүн орус бийлиги менен соттошуп, билеттин чыгымын төлөтүүнү көздөп жатышат.

https://www.centralasian.org/a/31033024.html

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: