Бул тууралуу суу ресурстар агенттиги билдирди. Негизинен республика боюнча суу берүү үстүбүздөгү жылдын 14-октябрына карата 4 млрд 628,9 млн кубду түзгөн. Азыркы тапта бардык аймактарда жер сугаруу соңуна чыгып, 2020-жылга карата күзгү сугатка даярдык жүрүүдө.
Күзгү дан өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн Нарын облусунан башка аймактарга күзгү жер айдоо алдындагы сугаттын 45 миң гектарына суу берилди же 74%, а план боюнча 61 миң гектар жер.
Күзгү сугатты аткаруу боюнча үч облуста көрсөткүчтөр жакшы: Талас (118%), Жалал-Абад (100%) жана Чүй (85%).
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ