Menu

Тартип комиссиясынын Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева боюнча жыйыны кийинкиге жылдырылды

Бөлүшүү:

Судьялар Кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага каршы сунушту карай элек. Бул тууралуу тартип комиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленгендей, жыйын бүгүн, 5-январда өтүшү керек болчу. Бирок Гүлбара Калиева ооруп калып, катыша албай калган. Калиева жыйынды ал жок өткөрбөөнү суранган.  УКМК менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Калиеванын өтүнүчүнө макул болушту.

Кийинки жыйын качан болору кийинчерээк маалымдала турганы айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Гүлбара Калиевага каршы иш козголгонун билдирген. Ал «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууда жана аны ишке ашырууда коррупция фактысына тиешеси бар экенин, эгерде Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга макулдук берсе, анда ал жоопкерчиликке тартыларын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: