Menu

Тажикстандык кыз “кыздык белгисин” 10 миң долларга онлайн-аукционго койду

Бөлүшүү:

23 жаштагы душанбелик кыз кыздык белгисин First Night (Биринчи түн) онлайн-аукциону аркылуу 10 миң долларга сатууну чечти. Бул платформада дүйнө жүзүндөгү жүздөгөн кыздар “алгачкы түнүн” колунда бар эркектерге сатышат.

Жакында аукциондо пайда болгон 23 жаштагы тажикстандык кыздын лотунда: ”Мен бойтойгон жакшынакай кызмын. Келечекте жакшы аял болуу үчүн бай эркек издеп жатам. Тил алчаак, жароокер жана ак көңүлмүн. Мен кыз бойдонмун”, — деп жазылган.

RFE/RL радиосунун тажик кызматы бул кыз менен байланышкан. Ал үй-бүлөсү карызга батканын, жакындарына жардам берүү үчүн кыздыгын сатууну чечкенин билдирди.

Кыз чыгымды кардар төлөсө, кыздыгын текшертүү үчүн медициналык кароодон өтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Аукциондо кыздыктын баасы жашка жана өң-түскө жараша 3 миңден 1 млн долларга чейин бааланат.

Тажикстанда кыздар күйөөгө чыгар алдында аруулугун текшертүү үчүн медициналык кароодон өтүшөт. Укук коргоочулар муну адам укугун бузуу катары аташып, тажик өкмөтүн аталган талапты жокко чыгарууга чакырышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: