Кара-Суу районунун экс-акими Тилек Матраимов өлкөнүн чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, Тилек Матраимов 220 000 сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Үй камагы түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.
Белгилей кетсек, Кара-Суу районунун акиминин кызматын ээлеп келген Тилек Матраимов 2020-жылы 7-октябрда өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен өзбек чек арачылары тарабынан кармалган – болжол менен ал жана башка туугандары мыйзамсыз жол менен, дарыянын аркы өйүзүнөн чыгып кетүүгө аракет кылышкан. Аны менен кошо уулу, жээни жана башка туугандары, ошондой эле жеке күзөтчү кармалган. Болжолдуу түрдө алардын арасында Искендер Матраимовдун уулу дагы бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ