Menu

Фото – Тазабек Бөкүшев, ветеринар, Ооган согушунун ардагери: “Садыр Жапаров менен сүрөткө түшкөндөр ОПГчылар эмес, кыргыздын айрым митаамдары ошону да бурмалашыптыр”

Бөлүшүү:

“Тааныштарымдын баары мага телефон чалып “качандан бери ОПГчы болуп кеткенсин?” деп тамашалап жатышат”, – деп билдирди бүгүн, 5-январда Токтогулдук ветеринар, Ооган согушунун ардагери Тазабек Бөкүшев KyrgyzToday.kg маалымат агенттигине телефон чалып.

“Садыр Жапаров ОПГчылар менен түшкөн сүрөт” деп митайымдар таратып жаткан сүрөттү 16-декабрда Садыр Жапаров Токтогулга келгенде алар токтогон үйдө түшкөнбүз. Мен өзүм кесибим боюнча ветеринармын, 40 жылдык стажым бар, Ооган согушунун ардагеримин, ошол күнү Ооган согушунун ардагерлер коому Совет аскерлеринин Ооганстандан чыккандыгынын 30 жылдык юбилейлик медалын Садыр Жапаровго тапшырып коюуну мага жүктөштү. Мен Садыр Жапаров токтогон үйгө барып ошол медалды тапшыргам. Анан ошол жерге Садыр Жапаров менен учурашканы келгендер сүрөткө түшкөнбүз. Эч кандай ОПГчылар болгон эмес. Кебетеси олбурлуу, сакалдуу болгону үчүн гана ал сүрөттөгү эки жигитти бизге ОПГчы деп ишендирүүгө аракет кылып жатышат. Эгер алар ОПГчы болсо ысымдарын атап, анан жазышпайбы. Калп эле болжолдоп урдура бербей. Ал сүрөттө мен сол жактан биринчи болуп турам. Ооган согушунун ардагерлери жооптуу тапшырма берип, расмий жөнөтүшкөндүктөн мен ак көйнөк кийип, галстук тагып алгамын. Баса, менин фамилиям Бөкүшев, эми митайымдар мени Кара-Балталык кримтөбөл Бокушевге жабыштырып коюшпасын, мен Токтогулдан боломун. Ал Бокушевге эч кандай тууганчылыгым да жок. Эми жалаа жабуунун да чеги болуш керек да”, – деди ардагер Тазабек Бөкүшев.

“Бул жерде мен атамдын портретинин фонунда апам менен үйдө түшкөн сүрөт”, – дейт Бөкүшев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: