Бокс жана аралаш мушташтын күйөрманы болгон америкалык актер Мики Рурк UFCнын чемпиону кыргызтандык Валентина Шевченкого арнап Instagram социалдык тармагындагы баракчасына пост жазды.
Ал постун орусча латын тамгалары менен жазган. Актер 32 жаштагы Шевченкону “сулуу” деп атап, ар бир мушташынан ырахат алганын айтып, мушкер айым өзүнүн ишин мыкты аткаргандыгын белгилеп, беттештери үчүн ага ыраазычылыгын билдирди.
“Сиздин техникаңыз жана IQ деңгээлиңиз укмуштуудай. Көп жылдар бою бийиктикте болу – бул легендарлуу нерсе. Ошондой эле жеңиштерден кийин сиздин бийлегениңизди көргөндү жакшы көрөм”, – деп жазган Мики Рурк.
Белгилей кетсек, Мики Рурк – америкалык актер, сценарист жана кесипкөй мушкер. Алтын Глобус жана BAFTA сыйлыктарынын лауреаты, Оскар сыйлыгынын номинанты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ