Menu

Белгилүү сүрөтчү Үсөн Сарыбаевдин боорун алмаштырууга 29 миң доллар керек

Бөлүшүү:

Чыгармачылыкка бала кезинен аралашып сүрөтчү Акатары буга чейин миңдеген сүрөттөрдү тарткан кыргыз элинин чыгаан сүрөтчүлөрүнүн бири Үсөн Сарыбаев агабыздын катуу ооруп жаткандыгын угуп, ага жакында барып ден-соолугунан кабар алып, баарлашып келдик. Жаны кейип кыйналып турса да элден жардам сураганды жактырбаган таланттуу агабыз кеп кезегинде: “Ушул ббжашка келгиче бир дагы сыйлык алган эмесмин. Мени эстеген эч ким жок” деп кейип ден-соолугунан тышкары чыгармачылыгы тууралуу төмөндөгүдөй маалыматтарды берди.

—Үсөнбайке, Ооруп жатканыңызга канча убакыт болду?

—Бир жыл болуп калды. Бул оорунун кесепетинен шал болуп калышым мүмкүн экен.

—Жалпы коомчулуктан тышкары мамлекеттен жардам сурап жатасыз да?

—Жок. Уят да эми. Ар ким өзүнүн тирилигин кылып жаткан учурда.

—Бирок өз каалоосу менен сиздин чыгармачыл инсан катары билгендер жардам беришсе баш тартпайсыз да. Баарыбызга эле ден-соолук керек эмеспи. Байбичеңиз Нурия эже: “ Биз угуп жатабыз. Индиядан боорду алмаштырганга 29 миң доллар кетет экен” деп айтып жатпайбы.

—Тескерисинче тартынбаганым туура эмес болуп калат. Кудайдын буйруганы болоор…

—Сиз эми кыргыз элине чыгаан сүрөтчү катары белгилүүсүз. Чыгармачылыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз. Канча жашыңыздан банггап сүрөт тарта баштадыңыз?

—Чыгармачылыкка беш, алты жашымда аралашып сыя менен сүрөт тартып баштагам. Гапар Айтиевдин окуучусу, шакиртимин десем болот. Көп эмгектерим бааланган жок. “Кыргыздар” деген картинам жакшы бааланды. Ал эмгегим мага аздыр-көтүр атак-даңк алып келди десем болот.

—Бул картинаңыз азыркы кезде Тарых музейинде турат. Кайсы жылы тарттыңыз эле. Ал картинаңызда кыргыздын залкарларынан канча киши бар?

—Бул картинада көзү өтүп кеткендерди кошкондо Чыңгыз Айтматов баштаган 62 киши бар. Картинаны болсо 1989-жылы баштасам керек эле. Картина он жылдын аралыгында тартылган.

Бул эмгегим жаралганда мурунку спикер Асылбек Жээнбеков 200 миң сомго сатып алып, Тарых музейине койдурган. Эми дагы эмгегим бааланса деп күтүп жатам.

—Бүгүнкү күнгө чейин болжол менен канча сүрөт тарттыңыз?

—Так эсебин билбейм. Миңдеген сүрөттөрдү тарттым го. Алардын арасында көбүнчө портрет басымдуулук кыларын баса белгилеп кетмекчимин.

—Сизден бир топ жаш сүрөтчүлөр мамлекеттик сыйлыктарды алып жүргөнүн угуп, көрүп жатабыз. Сиздин кандай сыйлык-наамдарыңыз бар?

—Ушул 66 жашка келгиче бир дагы сыйлык алган эмесмин. Мени эстеген эч ким жок. Буга чейин Кыргызстанда көп эле сүрөт көргөзмөлөрүм өткөрүлгөндөн тышкары чет мамлекеттерге да картиналарым жөнөтүлдү.

—Сүрөтчүлүктөн тышкары калемгер катары бир топ китептерди жазып жарыкка чыгарган экенсиз. Эми китептериңиз тууралуу да айтып берсеңиз?

—Рыспай Абдыкадыров менин айылдашым болот. Алгач ал кишинин чыгармачылыгы тууралуу “Эңсеген менин обонум” деген китепти жазгам. Андан кийин 2007-жылы жалаң өзүмдүн аңгемелеримден топтолгон “Ажике аңгемелери” аталышындагы китебим чыккан. Быйыл болсо “Бүтпөгөн портрет” деген повестим китеп болуп жарыкка чыкты.

Нурила Табалдиева, Үсөн Сарыбаевдин жубайы: “Боору таптакыр эле кургап калган экен

—Абышкам өткөн жылдын май айынан баштап ооруп жатат. Буга чейин үч жолу ооруканага жатты. Алгач оорусу гепатит болуп акырында күчөп кеткендиктен боорун алмаштырууга туура келип жатат. Индиядан боорун алмаштырганга 29 миң доллар керектелет экен. Мурунку спикер Асылбек Жээнбековго жолуга албай жатат. Коомчулуктан деле жардам сураган жокпуз. Дарылардын баары кымбат экен. Чыгармачылыгы тууралуу айта турган болсом: мурун эки китебин чыгарган эле , көргөзмөгө коюш үчүн картиналарынын баарын даярдап койгон, ооруп калгандан кийин жанталашып үчүнчү китебин чыгарды. Учурда оорунун азабынан ахыбалы бир топ эле оор болуп жатат. Боору таптакыр эле кургап калган экен. Бир картинасын он жыл тартты. Ошондо деле өкмөт тараптан эмгеги татыктуу бааланган жок. Бир гана Сүрөтчүлөр союзунун жана Жазуучулар союзунун мүчөсү. Башка наамы жок.

Булак: «Багыт»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: