Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүң, 6-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 2-декабрында кабыл алынган.
Аталган Протокол менен Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 321-беренесинин 2-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, ЕАЭБдин бажы чек арасынан өтүүдө жеке багажы текшерүүгө жатпай турган адамдардын тизмеси такталды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ