Хожентте имараттардын биринин дубалына жана жолго Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду отставкага чакырган жазуу пайда болду. Бирок аны тез эле өчүрүп коюшту.
Аны ким жана качан жазганы белгисиз. Жазуу тартылган видео 3-январда Европадагы тажик оппозициячыларына тиешеси бар «Ислох» ютуб-каналында жайгаштырылды.
Соцтармактардын колдонуучулары жазуу Хоженттин Панчшанбе базарынан анча алыс эмес жерде жазылганын аныкташты. Кийинчерээк жазууну өчүрүп коюшкан. Бирок дубал жана тротуар жаңы эле сырдалганы көрүнүп турат. Жергиликтүү бийлик менен жашоочулар жазуу тууралуу эч нерсе билбей турганын айтышууда.
https://www.centralasian.org/a/31035907.html
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ