Menu

Сабырбек Жумабеков, ортопед: «Менин сүрөтүмдү илип коюшуп, акча жасоонун амалын издеп, шылуундук менен баюуну көздөп жатышат»

Бөлүшүү:

 

Жыл сайын сергек жашоого үндөгөн, элибиздин атактуу уулу Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган атайын марафон Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүлүп келинет. Быйыл дагы бул салтты улай Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында марафон өтөт. Марафонду башынан аягына чейин каржылап, өткөрүп, баардык ишке баш-көз болуп, үлгү катары өзү чуркап келе жаткан, элибиздин белгилүү ортопеди Сабырбек Жумабековду кепке тартып, быйылкы даярдыктарды сурадык.

— Сабырбек Артисбекович, быйыл алтынчы жолу Чолпон-Ата шаарында өтө турган марафонго даярдыктар жүрүп жатабы?

— Быйыл атайын 1980-жылдагы олимпиаданын коло медалынын ээси, агабыз Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган алтынчы марафонду өткөрөлү деп жатабыз. Иш чара адаттагыдай эле Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтөт. Старт жаңы ачылган ипподромдон башталат. Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү ушунда, быйыл ипподромду пайдаланалы деп жатабыз. Экинчиден 30дан ашык мамлекеттерден жөө күлүктөр катталып жатат. Алардын арасында тажрыйбалуу спортчулар көп. Кыргызстандагы жаш күлүк балдарыбыз толугу менен катышуу алдында турушат. Келечекте үмүт кылган биздин күчтүү марафончуларыбыз дагы жок эмес. Жалпы ден-соолугуна кам көргөн биздин жарандарыбыз дагы чуркайбыз деп даярданып жатышат.

— Өзгөчө чакырылган конокторубуз дагы барбы?

— Эч кимди өзгөчөлөнтүп деле чакырган жокпуз. Бул чуркоо деген ар бир адамдын жеке ыктыяры, көңүлү, ниети менен болот. Күнүгө чуркап машыккан, жүрөгүнүн, ички органдарынын оорулары жок адамдар келип чуркаса болот. Марафон 4 дистанциядан турат. Адаттагыдай эле 5, 10, 21, жана 42 чакырым аралыкка бөлүнөт. Аялдар, эркектер өзүнчө, жаш курактары боюнча дагы айырмаланып категорияларга бөлүнөт. Марафон бүткүл дүйнөдө, чоң шаарларда майрам катары, шаардын атрибуту, символикасы катары калыптанып калган майрам катары өтөт. Алыс кетпейли Алматыда мындай майрамды атайын жыл сайын өткөрүшөт. 15–20 миңге жакын адам катышат. Казактар Астанада дагы өткөрүшөт. Женева, Токио, Бостон, Лондон шаарларынын мэрлери атайын программаларына киргизип майрам катары өткөрөт. Марафон чоң пропаганда. Сергек жашоого үгүттөө. Адамдар канчалык көп кыймылдаса, чуркаса ашыкча салмакты жоготуп, өзүнүн кыймыл-аракети менен жеңилирээк болсо ден-соолугу чың болуп өмүрү узун болот. Ар кандай оорулардан дагы алыс болушат. Бул жагынан мен атап кеткен чоң-чоң шаарларда президенттер, мэрлер, өкмөт башчылары, депутаттар чуркашат.

— Япониядан келчү коноктор дагы жок эместир?

— Былтыр Япониядан 54 киши келип чуркашкан. Быйыл дагы Кудай буйруса япон конокторду күтүп жатабыз. Арасында Япониянын депутаттары дагы келишет. Япондордун 80 жаштан ашкан аксакалдары келип чуркап кетишет. Алар үчүн ар бир марафон майрам. Кыймыл-аракети, баскан-турганы тың, жаш баладай чымыр денелүү болуп турушат. Марафондун бир касиети ушунда, кыймыл-аракетте. Экинчиден биз Ысык-Көлүбүздү башка мамлекеттерге жарнама кылабыз. Марафон аркылуу керемет көлүбүздү даңазалап жатабыз. Ысык-Көлгө барып калсак Россиядан, Европадан, Казакстандан келген спортчулар абдан көп. Анткени көлүбүз 1600 метр бийиктикте турат, абасы абдан таза, климаты спортчуларга ыңгайлуу болуп эсептелинет. Бул жагынан алганда канча деген адамдарды Ысык-Көлгө турист катары тартсак болот. Биз Кыргызстанга майрам катары уюштуруп жатабыз. Былтыр 30 000ге жакын адам барып катышты. Бул өзүнчө үлгүлүү, Көчмөндөр оюну сыяктуу чоң майрам болуп эсептелинет. Мындан сырткары медик катары айткым келет, өзүмдүн бирден-бир милдетим деп эсептейм. Элди сергек жашоого үндөп, пропаганда кылып, өзүм дагы үлгү катары чуркап көрсөтүп жатам. Мунун баары элди сергек жашоого чакыруу болуп эсептелинет.

— Быйыл коноктордун саны көбөйдүбү?

— Биздин коноктор, марафонго катышуучулар жылдан-жылга көбөйүп жатат. Быйыл дагы былтыркыдан дагы көп коноктор келишет деген ниетим бар.

— Былтыркы марафон учурунда сиз “буйруса эмдиги жылы жарым марафонго чуркайм”-деп айткансыз. Даярдыктар болуп жатабы? Сизден сырткары бир туугандарыңыз дагы чуркачу. Быйылчы?

— Кудай буйруса чуркайм. Биз эркектерден жети бир тууганбыз. Былтыр баарыбыз чуркаганбыз. Мен, Дастан, Урмат инилерим болуп 21 чакырымга чуркадык, калгандары 10 чакырымга чуркашкан. Баарыбыз финишке келдик, эс алдык. Бул марафон биздин үй-бүлө үчүн дагы чоң майрам. Быйыл дагы ушундай курам менен барып чуркайбыз. Ар ким өзү үчүн, ден-соолугуна кам көрүп чуркайт. Марага биринчи келген спортчулар байге алып аты калыш үчүн чуркашат.

— Кандай байгелер каралды?

— Быйыл байгелер жылдагыдай эле. Биринчи келген аял-эркек деп экиге бөлүнүп 1000 доллардан, экинчи келгендерге 500, үчүнчү келгендерге 300 доллардан берилет. Мындан тышкары ар кандай сыйлыктар бар. Жаш айырмачылыктарына жараша сыйлыктар ыйгарылат.

— Марафон уюштуруунун алдында уюштуруу комитети дайыма тоскоолдуктарга учурачу эле. Быйыл мындай кыйынчылыктар болгон жокпу?

— Албетте бир аз анча-мынча түшүнбөстүктөр жергиликтүү бийликтегилер менен болуп жатты. Бирок биз баары бир өзүбүздүн максатыбызга жеттик. Түшүндүрүп айттык. Марафонго келген эл Ысык-Көлдүн жээгинде чуркайбыз деп келип жатса башка жактарга которуп койгонубуз жарабайт. Аты дагы “Ысык-Көл Эл аралык алтынчы марафону”- деп аталат.

— Кыргызстандыктарды марафонго чакырып өтпөйсүзбү?

— Былтыркы жылы коляскага балдарын сүйрөп алып аталар, чоң-аталар, апалар үй-бүлөлөрү менен беш-алты киши болуп кол кармашып алып, он чакырымга чейин барып келип өздөрүнчө чоң жетишкендиктерге жеткендей болуп сүйүнүп майрамдашып кайтышкан. Алар үчүн үй-бүлөлүк майрам болуп эсептелинип жатат. Өздөрүнүн келечегин ойлогон, кам көргөн үй-бүлөлөр ушундай болот. Мен ошондуктан ар бир үй-бүлөнү чакырып кетет элем, барышы керек. Ал жерде өтө толук адамдар дагы беш чакырымга басып барып келгени дагы чоң жетишкендик болуп эсептелинет. “Мен бүгүнтөн баштап чуркайм, басам”- деген көп адамдарды көрдүм. Адамдардын ичинде жаткан жалкоолукту жеңиши керек.

— Спорттон сырткары бир суроо берейин деп турам. Сиздин атыңыздан атайын майлар, дарылар чыга баштаптыр. Бирок сиз муну ортодогу адамдар жасаган деп жатасыз. Ким экенин далилдей алдыңызбы?

— Менин атымдан бир жумадан бери ортодогу ниети жаман адамдар пайдаланып дары-дармек чыгара башташыптыр. Нарын шаарынан адамдар интернет аркылуу буйрутма берип мазь, кремдерди алып жатканын айтып телефон чалып калышты. Мен айтып кетким келет. Бул компанияларга менин эч кандай тийешем жок, жана кремдерди, таблеткаларды билбейт экенмин. Эли- журтум аларга алданбасын. Алардын баары ортодогу мошенниктер, жалганчылар. Биз атайын алардын түбүн изилдеп көрдүк. Алар Россиядан жасап жатышыптыр. Кыргызстанда дагы алардын адамдары болушу керек. Мүмкүн жасап элди алдап, оңой жолу менен байыйм деген адамдар экени көрүнүп турат. Ошондуктан ишенбегиле, алданбагыла. Менин мындай дары-дармек, таблетка чыгарууга тийешем жок. Булар менин сүрөтүмдү илип коюшуп, акча жасоонун амалын издеп шылуундук менен баюуну көздөп жатышат. Мага элдин ден-соолугу керек, андай алданууну каалабаймын.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: