Азыркы соттордун баары президенттик аппараттын чөнтөк сотторуна айланганын көпчүлүк эле билет. Соттук чечимдерди президенттик аппараттын кызматкерлери көзөмөлдөп келатканын ММКлар байма-бай жазып келатышат. Өткөн 2017-жылы ошол кездеги президент Алмаз Атамбаев менен анын мураскери, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков сотторго кайрылып, 7 журналист менен укук коргоочудан $1 миллион 93 миң доллар айыппул утуп алышты. Бул тууралу эл аралык “Фергана” маалымат агенттиги жазып чыкты.
Соттун чечимдери менен:
- Журналист Нарынбек Айып (Идинов) Атамбаевге – 3 млн сом ($43000-00)
- Журналист Дина Маслова Атамбаевге – 3 млн сом ($43000-00)
- Сайт “Заноза” Атамбаевге – 3 млн сом ($43000-00)
- Укук коргоочу Чолпон Жакупова Атамбаевге – 3 млн сом ($43000-00)
- Сайт “Заноза” (экинчи жолу)Атамбаевге – 3 млн сом ($43000-00)
- Журналист Нарынбек Айып – (экинчи жолу)Атамбаевге – 3 млн сом ($43000-00)
- Журналист Кабай Карабеков жана сайт “24.kg” – С.Жээнбековго – 5 млн сом ($72000-00)
- Укук коргоочулар Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз Атамбаевге – 10 млн сом ($144000-00)
- Сайт “Заноза” Атамбаевге (үчүнчү жолу) – 3 млн сом ($43000-00).
Жалпысынан 5 доомат боюнча “Заноза” сайты Атамбаевге 27 млн сом же ($389000-00) төлөөгө кириптер болду.
- Укук коргоочу Рита Карасартова менен “24.kg” сайтын КСДП 1 миллион сомго ($14,5 000-00) сотко берген. Соттун чечими чыга элек, бирок КСДПчылар, Атамбаев менен Жээнбеков берген дооматтарды соттор бир да жолу уттурган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ