Menu

Экс-депутат Ахмат Келдибеков “KyrgyzToday.kg” сайтын 1 млн сомго сотко берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту коррупцияга айыпталган экс-депутат Ахмат Келдибековдун  “KyrgyzToday.kg” сайтынын үстүнөн берген доо арызын биринчи отурумда карады.

Ахмат Келдибеков: “KyrgyzToday.kg” сайты мен тууралу такай кемсинткен, беделиме шек келтирген маалымдоолорду байма-бай жарыялап, менин ар-намысыма, кадыр-баркыма жана ишкердик беделиме доо келтирди” деп, “моралдык зыянымдын ордун толтуруу үчүн “KyrgyzToday.kg” сайтынан 1 млн сом төлөтүп бергиле”, деп сотко бериптир.

Баарынан кызыгы, “KyrgyzToday.kg” сайты жазган “Коррупцияга айыпталган Ахмат Келдибеков” жана “Ахмат Келдибековду коррупцияга айыптап камакка алганда” деген сөз айкалыштары чындыкка жатпайт деп таанылсын, “KyrgyzToday.kg” сайты аталган маалыматтарды жокко чыгарууну камсыз кылсын” деген талабы болду.

Ахмат Келдибековго коррупциялык берене боюнча айыбы угузулуп, камакка алынганын Кыргызстанда 6 жаштагы баладан тартып, 90 жаштагы чалга чейин баары билет. Эгер коррупциялык берене менен айыптабаса,  ал кездеги депутат Ахмат Келдибековду бийлик камакка алалбайт болчу. Муну да элдин баары билет. Бирок муну Ахмат Келдибеков билбейт экен. Кыргызстандын Генпрокурору депутат Ахмат Келдибековдун үстүнөн КР Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, түшкү тамактан кайтып келатканда Бишкектин чок ортосунда, “Ала-Тоо” аянтында маскаралап “кара маскачан спецназ” менен колу-бутун кайрып кармап кетишпеди беле. Коррупция беренеси боюнча айыптап камакка албады беле? Андан ары Алайда туугандары митингдерди уюштуруп, аялы журналисттерге “баарыңарды чөгөлөтөм!” деп кыйкырып жүргөнүн коомчулук али унута элек.

Ушул сыяктуу 4 доомат артып, Ахмат Келдибеков арыз жазып, сотко кайрылыптыр. Сот  аке анын арызын бүгүн өкмөттүн алдындагы экспертизага жөнөттү. Эксперттер ал материалдарда Ахмат Келдибековдун ар-намысына жана ишкердик беделине доо келтирген сөздөр барбы ошону аныктайт экен. Ошого байланыштуу соттун кийинки олтуруму экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин белгисиз мөөнөткө, артка жылдырылды.

Баса, 2017-жылы Ахмат Келдибеков президентикке талапкердигин көрсөткөндө БШК аны соттолгон адам катары талапкердикке каттабай койбоду беле, аны да унуттубу?

Эсиңиздерге сала кетсек, Ахмат Келдибеков азыр “Азия ньюс” гезити жана “Аргумент.kg” сайты менен да соттошууда. Бүгүн болсо “Алмаз Атамбаевди сотко берем!” деп кыйкырып чыкты. Тааныштары: “накта терпила” болду го деп каткырып жатышат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: