Пара менен кармалган Бишкек шаарынын Биринчи май районунун судьясы Максат Орозбакованын иши Ленин райондук сотунда каралууда. Бул тууралуу райондук соттун канцеляриясынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, Орозбаковага байланыштуу иш 2020-жылы август айында өткөрүлүп берилген, ал Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда бир нече жолу маңызы боюнча каралган.
Кийинки сот отуруму 2020-жылдын 17-декабрында саат 10:00гө дайындалды. Процесс ачык түрдө өтөт.
Эсиңиздерге сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозобекова жарандык ишти оңунан чечип берүү үчүн 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ