Menu

Өмүрбек Суваналиев, генерал: “Азыр революциядан кийин дайыма боло турган, революциялык мыйзамдардын үстөмдүгү иштеп жатат”

Бөлүшүү:

 “Азыр 2010-жылдагы апрель мамлекеттик төңкөрүшүнүн жеңүүчүлөрү Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев жана алардын фанаттары “Садыр тигини мыйзамсыз кылып жатат, муну мыйзамсыз кылып жатат” деп айкырып жатышпайбы…  Анан аларды карап туруп күлкүң келет. “Өзүңөр 2010-жылы эмне кылдыңар эле?” деген киши жок”, – деп билдирди КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, генерал Өмүрбек Суваналиев.

“2010-жылы апрелде бийликти басып алган бир ууч топту эч ким легитимдештирген эмес, алар өздөрүн өздөрү “Убактылуу өкмөт” деп жарыялап, бир кылым мурунку  орус төңкөрүшчүлөрүн туурап, Декреттерди чыгарып, конституцияга, мыйзамдарга каршы иштей башташкан. Алардын кылгандары кыргыз мыйзамдары боюнча узак жылдарга түрмөгө кесилип кетчү оор кылмыштар болгон… Бирок коомчулук “бул революциядан кийин дайыма боло турган мыйзамсыздыктар”, “мындай учурда жеңүүчү баарын жасай алат, баарына укугу бар” же “У победы много отцов, побежденный сирота” деген таризде унчукпаган… 2020-жылы 5-октябрда да “Ата-Мекен” партиясы бийликти басып алуу аракетин жасады, мисалы, Элвира Сурабалдиева баштаган атамекенчилер Элдар Абакировду УКМКнын төрагасы кылып дайындоого барышты, ГРСти толугу менен атамекенчилер басып алышты, башка бийлик органдарына да аракет кылып көрүштү, бирок Садыр Жапаровдун “Мекенчилдер” партиясынын легитимдештирүү тактикасы утуп кетти. Садыр Жапаров 2010-жылдагы Убактылуу өкмөтүн каталарын кайталабай биринчи кадамын эле өз бийлигин мыйзамдаштыруу, легитимдештирүү менен баштады. Жогорку Кеңеш токтом менен 3 жолу премьер-министрликке бекитти, ага ошол кездеги президент Указ чыгарып, бекемдеди.  Убактылуу өмөткө салыштырмалуу билимдүүлүк кылды, мыйзамдуу жол менен жасады… Ошондуктан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү азыр “Садыр тигини мыйзамсыз кылып жатат, муну мыйзамсыз кылып жатат” деп “чача-пача” десе жарашпайт экен. Азыр да революциядан кийин дайыма боло турган, жазылбаган мыйзамдардын үстөмдүгү жүрүп жатат. Кайдагы мыйзамдуулук жөнүндө сөз болушу керек? Эгер 2010-жылы да, 2020-жылы да мыйзамдуу шайланган бийлик органдарын, президентти да, парламентти да кууп салып, жаңы бийлик революциялык жол менен келип жатса. Анан ушундан кийин мыйзамдуулук тууралу сөз кылууга болобу? Революциянын мыйзамдары иштеп жатат. Текебаев жеңилип калганын түшүнүп, башка айласы жок эле фанаттарынын алдында ушинтип актанып, алардын башын айландырып жатат”, – деди генерал Өмүрбек Суваналиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: