Menu

Тажикстанда беш эмдин атасы Душанбеден батир берүүнү өтүнүүдө

Бөлүшүү:

Беш эмдин атасы Рахмон Нурмородов

Тажикстанда Жаңы жылдын алдында төрөлгөн беш эмдин атасы Рахмон Нурмуродов өлкө бийлигине кайрылып, үй-бүлөсүнө Душанбеден батир берүүнү өтүндү.

Беш эм – эки эркек жана үч кыз бир жума мурда Душанбедеги төрөт үйлөрдүн биринде жарык дүйнөгө келишкен. Алардын ата-энеси электр жарыгы жана жылуулук жок айыл жергесинде наристелерге тиешелүү деңгээлде кам көрүүгө мүмкүн эмес экенин билдиришүүдө.

«Айылдагы үйүбүздө ымыркайларды багууга шарттар дээрлик жок. Мындан башка дагы эки балам бар, ата-энем жана бир тууганым менен чогу жашайбыз. Мен Душанбе шаардык кеңешинен, мэрден мага батир берүүнү өтүнөм. Бул балдар үчүн жакшы белек болмок», — деди Нурмуродов.

Ал буга чейин үй-бүлөсүн Орусияда иштеп багып келгенин, бирок чек аралар жабылгандан бери жумушсуз экенин кошумчалады.

https://www.centralasian.org/a/31037228.html

Ал ортодо Нурмуровдун үй-бүлөсү жашаган Хатлон облусунун бийлиги үй-бүлө үчүн Кубодиён районунда үч бөлмөлүү жаңы үй курулуп жатканын билдирди.

«Буга чейин үй-бүлөгө материалдык жардам берилген. Азыр архитекторлор алардын ата-энесинин короосуна жаңы үй куруу боюнча пландын үстүндө иштеп жатышат. Үй үч бөлмөдөн туруп, ашканасы, мончосу болот», — деди акимчиликтин басма сөз катчысы Носирджон Маъмурзода.

Тажикстанда беш эм төрөлгөн учур биринчи жолу катталууда.

2015-жылы төрт эм төрөгөн Душанбе шаарынын тургунуна мамлекеттен үч бөлмөлүү батир берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: