Бишкекте милиция кызматкерлери жашы жете элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү адепсиз аракеттерди жасоого шектелген адамды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, 4-январда С.Ж. аттуу жаран Октябрь РИИБне арыз менен кайрылган. Ал 15 жаштагы уулуна ыплас аракеттерди жасаган И.А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. И.А. шаардагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген.
Факт КЖБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин “Ыплас аракеттер” беренеси боюнча сотко чейинки өнжүрүш иши башталды.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери 36 жаштагы И.А.ны кармашып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Октябрь райондук соту шектүүнү 2 айга СИЗО-1 мекемесинде камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ