Menu

УКМК: Социалдык тармактарда таратылган аудио жазуулар тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда таратылган аудио жазуулар тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КРнын УКМК социалдык тармактарда айрым саясатчылардын президенттикке талапкерлердин жана алардын жактоочуларынын 2021-жылдагы революцияны уюштуруу боюнча жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында президенттик шайлоо менен референдумдан кийин массалык нааразычылык акцияларын өткөрүү жөнүндө диалогдорунун аудио жазууларын жайылтуу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар соттук-фоноскопиялык жана филологиялык экспертизага жөнөтүлөт.

Жогоруда айтылган экспертизалардын жыйынтыгында бийликти күч менен басып алууга үндөгөн тараптардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Белгилей кетсек, КР кылмыш-жаза кодексинин негизинде бийликти күч менен басыпп алууга багытталган аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.

Буга байланыштуу УКМК жарандарды социалдык тармактарда жана Интернетте чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана мүмкүн болгон фактыларды укук коргоо органдарына кабарлоого чакырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: