Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: Алтын чыгаруучу фабрикалардын курулушу менен биз руданы жана концентраттарды экспорттоо практикасынан четтейбиз

Бөлүшүү:

КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков «Жамгыр» алтын кенине барды, анда кенди «Vertex Gold Company» тоо-кен компаниясы иштетет. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Мен кыйынчылыктарга карабастан, октябрь окуяларынан соң компания алгачкылардан болуп ишин жанданткандыгына кубанычтамын. Бул инвесторлорго Кыргыз Республикасынын рыногундагы туруктуулук тууралуу оңдуу сигнал болду. Натыйжада, 2021-жылдын августуна пландаштырылган алтын чыгаруу фабрикасын ишке киргизүү үчүн оңдоп-жайгаруу иштери өз мөөнөтүндө башталат. Кадам сайын биз алтын өндүрүүнүн туюк циклин түзүүгө жакындап жатабыз, анда кенди казуу жана аны кайра иштетүү өлкө ичинде ишке ашырылат», –  деди Артем Новиков.

Өкмөт башчынын м.а. компания тарабынан калдыктарды кургак көмүү ыкмасы тандалгандыгын канагаттануу менен белгиледи.

«Бул дамбанын жарылуу коркунучу болбой тургандыгын билдирет. Бул абдан маанилүү, анткени, биз үчүн экологиялык коопсуздукту камсыздоо негизги маселе болуп саналат. Ошондуктан мен калдык сактоочу жайды курууда жана мембрана орнотууда дүйнөлүк аты бар ири компаниялардан көзкарандысыз адистер ишке тартылсын деп айтып келем. Бардык процессти жергиликтүү активисттер жана атамекендик адистер көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк алуусу керек. Бул калк арасындагы ишкананын ишинин айкындыгына күмөн саноону жоет»,-  деп белгиледи премьер-министрдин м.а.

Буга катар Артем Новиков жергиликтүү калкты ишкананын ишине тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Талдоолор көрсөткөндөй, мындагы запастар 10 тонна алтынды түзөт. Бул ишкананын иши жок дегенде 5 жылга узартылат дегенди билдирет. Өкмөттүн милдети кенди өздөштүрүү боюнча силердин потенциалды пайдалануу менен экономикалык борборлорду уюштуруу жолу аркылуу аймакты өнүктүрүүнү камсыздоодо турарын жашырбайм. Ишкана жабылган соң, аймактын экономикасы туруктуу бойдон калышы абзел. Алтын чыгаруучу фабриканын ишке кириши менен өндүрүш көлөмү гана 2-3 эсеге жогорулабастан, ошол эле учурда республикалык бюджетке, аймакты өнүктүрүү фондуна салык төлөмдөрүнүн көлөмү да жогорулайт», – деди  Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: