Menu

УКМК: «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен $250 миң талап кылган граждандык активисттер кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-январда КР УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан «Кыргыз Темир Жолу» Улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысынын негизинде сотко чейинки териштирүү башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, М.А. жана У.Д. аттуу КР жарандары Кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан текшерүү болушу мүмкүн деген жүйөө жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен аталган ишкананын жетекчилигинен 250 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылышкан.

Анын жыйынтыгында «Кыргыз Темир Жолу» Улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү максатында  М.А. жана У.Дга жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын бергенге аргасыз болушкан.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө уланууда.

Эгерде жарандарда акча талап кылуу жана коркутуу боюнча ушул сыяктуу фактылар болсо, КР УКМК Коррупцияга каршы кызматынын 0312 66-00-20 жана 0501-66-00-20 (WhatsApp, Telegram) ишеним телефондоруна кайрылса болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: