Menu

Садыр Жапаров “чимкириктерден” арылышы зарыл. Себеби…

Бөлүшүү:

Учурда Садыр Жапаровду “чимкирик” аталышындагы парламент депутаттарынын көпчүлүгү колдоого алышып, аймактарда үгүт иштерин жүргүзүп келишет. Кошоматчылык кесипке айланганы ушундай керемет экен, башкы талапкер суранбаса деле элпектене чуркап кетишкени күлкү келтирди. Аныгында, алар элибизге көп кыянаттык иштерди кылышканы, мыйзамдарды аттап өтүшкөнү жашыруун эмес. Жогорку Кеңештин тарыхында булардай ыплас депутаттар болбогонун саясатчылар, эксперттер айтып келишет. Учурда “чимкириктердин” мөөнөтү өтсө дагы, мыйзамсыз негизде мандаттарын ээлеп отурушат. Мындай депутаттардан шайлоодон кийин арылуу – мезгилдин талабы! Өткөн парламенттик шайлоодо “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партияларынын өзөгүн түзгөн да ушулар эле. Эгерде Садыр Жапаров саясый тобокелчиликке барып, шайлоодон кийин “чимкириктерден” арылбаса, люстрациялык жолго түшпөсө, анда саясый беделине эбегейсиз сокку урары талашсыз. Буга чейинкисин түшүнөбүз, шашылыш чечимдер орун алды. Кечиримдүү. Андан аркысына элибиз чыдап отура албайт го?

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: