Menu

Бишкек шаарындагы шайлоо участкаларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бөлүшүү:
Бишкек шаарындагы шайлоо участкаларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда КР ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан аймактагы 228 шайлоо участкаларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары шайлоо участкаларында иш алып барган комиссия мүчөлөрүнө өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча нускамалар өткөрүлгөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө шайлоо участкаларында алгачкы өрткө каршы шаймандары, кошумча чыгуу эшиктери, байланыш телефондору жана кирип чыгуу багыты көрсөтүлгөн схемалары боюнча түшүндүрүлгөн.
“Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 9-10- январь күндөрү ар бир бекитилген шайлоо участкаларында күчөтүлгөн тартипте нөөмөттө турушат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: