Menu

Президенттин инаугурациясы качан өтөт? – БШКнын жообу

Бөлүшүү:

Кечээ, 10-январда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында жаң шайланган президентинин инаугурациясы качан болушу керектигин айтты.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, мамлекет башчынын кызматка киришүү аземи шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин бир айдын ичинде өтүшү керек.

Нуржан Шайлдабекова шайлоонун жыйынтыгы добуштар кол менен эсептелгенден кийин, даттануулар каралып, соттордо бардык талаш-тартыштар чечилгенден кийин чыгарыла тургандыгын кошумчалады.

Ал шайлоонун жыйынтыгын эсептөө мөөнөтү төрттөн бирине кыскара турганын, жыйынтык 24-январдан кечиктирилбей жарыялай  турганын кошумчалады.

Ошентип, президенттин инаугурациясы 2021-жылы февралда болот.

Белгилей кетсек, автоматтык түрдө эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча президенттик шайлоодо Садыр Жапаров алдыда бара жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: