Menu

Видео – Сыймык Жапыкеев, Финполициянын төрагасы: “Кубанычбек Жумалиев жакында камалат”

Бөлүшүү:

Депутат Кубанычбек Жумалиев жакынкы арада камалат. Бул тууралуу ооруканада дарыланып жаткан Финполициянын төрагасы Сыймык Жапыкеев Facebook социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Кимдер кармалып, кимдер уурдап жатканын көрүп жатабыз го. Мисалы, Мелис Аспеков $250 млн менен кармалып жатат. Эгерде, Жумалиев $250 миллионду Мелис Аспековго берсе, мага $1 миллион сунуштаган. Эч нерсесин алган жокмун. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат”, – деди ал.

Ал өзүнө карата айтылып жаткан сындар тууралуу айтып, каралоо кампаниясы жүрүп жатканын айтты.

Ошондой эле, ал ооруканадан чыккандан кийин чечкиндүү кадамдарга бара турганын айтты.

“Мурдагы бийликтен ЖЭБ, кара түтүн, пандемия боюнча көп кишилер камалчудай болуп турат. Биринчи кезекте Абылгазиев, Боронов, Космосбек (Чолпонбаев) дегендер жооп берет”, – деп кошучалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: