Тажикстандын Жогорку соту 12 жаштагы кызды зордуктоого күнөөлөнгөн кишиге карата Гиссар шаардык соту чыгарган өкүмдү жокко чыгарды. Иш кайра иликтөө үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.
«Озодинин» өз булагы билдиргендей, бул иште далилдер жетишсиз жана дал келбеген жагдайлар болгону үчүн өкүм жокко чыгарылган.
Буга чейин «Укуктук демилге» коомдук уюмунун директору Гулчехра Рахманова судья бул ишти бир күндө эле карап, өкүм чыгарып койгонун айткан.
Жогорку сот комментарий берүүдөн баш тартты. Кыздын укугун коргогон тараптан пикир алууга да мүмкүн болгон жок.
2020-жылы декабрда Гиссар шаардык соту жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталган кишини беш жылга эркинен ажыратып, бирок дароо мунапыс менен сот залынан бошоткон. Соттун бул чечими социалдык түйүн колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан.
Өткөн жумада жарандык коом өкүлдөрү президент Эмомали Рахмонго жана парламенттин эки палатасынын төрагаларына кайрылып, Тажикстандагы өспүрүмдөрдү сексуалдык зомбулуктан коргоону өтүнүшкөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ