Menu

Өткөн жылы Кыргызстанда 5 миң тонна балык өстүрүлүп, 1 млрд сомдон ашык киреше алынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун экинчи окуудан карашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Долбоордун демилгечилери – депутаттар Бакиров М.И., Жээнбеков А.Ш., Узакбаев А.О., Эргешов А.М.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана  регионалдык өнүктүрүү боюнча  комитеттин төрагасынын орун басары  Рада Туманбаева  бул мыйзам долбоору  балык чарбасын өнүктүрүүгө, балык запастарын  сактоого жана көбөйтүүгө, ошондой эле  калктын балык азыктарына болгон  керектөөсүн  камсыздоого багытталгандыгын белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө  депутат Самат Ибраев  балык өстүрүүнүн  көлөмү,  тармактын кирешелүүлүгү,  ошондой эле  бул товардык продукцияны импорттоо боюнча маселелерге кызыкты.

Балык чарбасы департаментинин директору  Эдиль Ниязовдун маалыматы боюнча, өткөн жылы  Кыргызстанда  5 миң тонна  балык өстүрүлүп, 1 млрд.сом киреше алынган. ”Ошондой эле өлкөбүздүн аймагына  4-5 миң тонна  консерваланган жана океан балыгы алынып келинди”, – деди Э.Ниязов.

Ал акыркы жылдары республикабызда, айрыкча  Чүй, Ысык-Көл облустарында  балык чарбалары активдүү көбөйүп жатканын белгиледи. ”Чүй облусунда  71, Ысык-Көл облусунда  18  балык  чарбалары иштеп жатат”, – деди  Э.Ниязов.

Талкуудан соң  мыйзам долбоору  экинчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: