Menu

Пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган бажы кызматкери мамлекетке 100 миң доллар кайтарып берди

Бөлүшүү:

Пара алып жаткан жеринен кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын (ТББ) бажылык жол-жоболоштуруу тобунун башкы инспектору М.Келдибаев өлкөнүн бюджетине 100 миң доллар төлөдү. Бул тууралуу “Tazabek” басылмасы коопсуздук кызматындагы булактарына таянып жазды.

Маалыматтар боюнча, Келдибаев бул сумманы январдын башында төлөгөн.

УКМКнын басма сөз кызматы маалыматты тастыктады.

Белгилей кетсек,  29-декабрда УКМК ККК пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын (ТББ) бажылык жол-жоболоштуруу тобунун 1972-ж.т. башкы инспектору 1000 доллар өлчөмүндөгү акча каржатын алып жаткан жеринен кармалган. Ал Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүү үчүн жеке ишкерден акча каржатын талап кылган.
Кармалган К.М.А. КР ЖК депутаты С.А.Келдибаевдин бир тууганы экени айтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: