Menu

Айыл-чарбасына инновациялык технологияларды киргизүү демилгеси сунушталууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун биринчи окуудан карашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

КР Айыл чарба, тамак -аш жана мелиорация   министри  Тилек Токтогазиевдин айтымында, мыйзам долбоору  республикабыздын  агроөнөржай комплексине  алдыңкы инновациялык технологияларды  киргизүү үчүн  укуктук нормаларды  түзүүгө, органикалык айыл чарба өндүрүшүн  өнүктүрүүгө, кошумча нарктын тизмегине кластердик мамилени  киргизүүгө,  айыл чарбасында  маркердик геномдук селекцияны  ишке ашырууга багытталган.

Талкуунун жүрүшүндө  депутаттар республикабыздын экпорттук потенциалына жолтоо болуп жаткан  майда товардык көйгөйдү чечүү үчүн  агрардык сектордун  мал чарбачылыгы, дыйканчылык өңдүү артыкчылыктуу  багыттарын  айыл чарба кооперативдерин  ирилештирүү жолу менен өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилешти. Андан тышкары, депутаттар  малды чет өлкөлөргө  сатууга тыюу салуу күтүлгөндөй натыйжа бербегендигин айтышып, этке баалардын кызыл кулактык менен өсүүсүнө бөгөт коюу үчүн  мамлекеттик жөнгө салуу  зарылдыгын белгилешти.

Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окуудан добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: