ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келген 1 миллион сомдук товарды Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош областында “С.Б.С.” аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын “Schmitz” маркасындагы чиркегичи менен токтотуп текшеришкен.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 20720 кг болгон жүзүм табылган.
Кармалган товардын жалпы наркы 1 миллион сомдон ашуун.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ