Menu

Видео – Пара алып жаткан жеринен “Жалалабат электр” ААКнын бөлүм башчысы кармалды

Бөлүшүү:

Пара алып жаткан жеринен “Жалалабат электр” ААКнын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо, Сузак райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча финансы полициясына жеке ишкер “Жалалабат электр” ААКнын бөлүмдөрүнүн биринин башчысына карата ары менен кайрылган, ал башчы кызмат абалынан пайдаланып, арыз ээсинен жеткирүү келишиминин негизинде жеткирилген товардык-материалдык баалуулуктарды (ТМБ) кабыл алуу үчүн 90 миң сом суммасында акча каражаттарын опузалап талап кылган. Арыз ээсинин айтымында, аталган бөлүмдүн башчысы андан дайыма акча талап кылып келген жана ТМБны ар бир жеткирип берген сайын акча алып турган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 238-беренесинде (кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) каралган кылмыштын белгиси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Үстүбүздөгү жылдын 14-январында, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда, опузалап талап кылынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн (40 миң сом өлчөмүндө) алып жаткан жеринен, кылмыш үстүнөн “Жалалабат электр” ААКнын темир-бетон буюмдарын даярдоо цехинин башчысы “К.Б” кармалды.

Учурда, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: