Menu

Жо Байден президенттик кызматка киришүү үчүн Вашингтонго келди

Бөлүшүү:

АКШнын шайланган президенти Жо Байден 20-январга белгиленген инаугурациясынын алдында өзү туулуп-өскөн Делавэр штатында коштошуу сөзүн сүйлөдү.

Иш-чара Жо Байдендин улуу баласы Жозеф «Бо» Байдендин ысымы берилген Делавэр штатынын Улуттук гвардиясынын үчүнчү резервисттер борборунда өттү. 2007-жылдан 2015-жылга чейин Делавэрдин башкы прокурору кызматында иштеген Байдендин уулу оорудан улам көз жумган.

Шайланган президент Делавэр штатын ата-энесине «бардык керектүү нерселерди берген» жер деп атады.

Шайланган президент менен болочоктогу биринчи айым шейшемби күнү кечинде Делавэр шаарынын Нью-Кастл аэропортунан Мэриленддеги «Эндрюс» аскердик базасына барып, ал жерден Вашингтонго кетишти. Шаршемби күнү баш калаада АКШнын 46-президенти ант берет.

Associated Press агенттиги инаугурацияга Дональд Трамп катышпай турганынбелгиледи. Ак үй Трамптын коштошуу видеосун Байдендин учагы «Эндрюс» авиабазасына конуп жаткан учурда жарыялады. Анда Трамп жаңы администрацияга бардык жакшылыктарды каалаган. Ошол эле маалда өзүнүн 20 мүнөттүк сөзүндө ал Байдендин аты-жөнүн бир да жолу атаган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: