Menu

Видео – Бишкекте “Карышкыр” каймана аты бар кримтөбөл Мурсалым Өмүрзаков кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун лидери, Карышкыр деген каймана аты бар Мурсалым Өмүрзаков кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-январда УКМКнын кызматкерлери “Альфа” атайын бөлүгүнүн колдоосу менен уюшкан кылмыштуу топтун лидери Муршалым Өмүрзаковду кармашкан.

Кармоо учурунда ал Бишкектеги Чүй проспектисиндеги үйлөрдүн биринде ижарага алынган батирде болгон.

Белгилей кетсек, Мурсалым Өмүрзаков “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин тобуна кирген. Кичи мекени – Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Төлөгөй айылы. 2010-жылы уурулук беренеси менен Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан 5 жылга соттолуп, Нарындагы абактардын биринде олтурган. Ал абакта “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев да жазасын өтөгөндүгү белгилүү. 2012-жылы Өмүрзаков Нарындагы абактан соттун чечими менен мөөнөтүнөн эрте бошогон.

Кийинчерээк күч түзүмдөрү Өмүрзаковдун мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мыйзамсыз экенин далилдеп, 2013-жылы ага издөө жарыяланган. “Карышкыр” Москва шаарында жашынып жүрүп, 2015-жылы кармалган. Андан кийин Кыргызстанга депорттолгон.

2018-жылдын июнь айында Өмүрзаков ИИМдин кызматкерлери тарабынан Бишкектен баңгизат менен кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: