Кечээ, 19-январда УКМК Ош шаарынын аймагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 269-беренесинин 3-бөлүмү (Прекурсорлордун мыйзамсыз даярдалышы) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңгизаттарды даярдоого колдоно турган жана андан нары сатуу үчүн арналган өзгөчө ири көлөмдөгү химиялык заттарды ташуу иштерине бөгөт коюулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, унаанын жүк салынуучу бөлүгүнөн жалпы салмагы 1 тоннадан ашык болгон ичинде белгисиз суюк зат бар 42 даана ящиктер табылып алынды.
Эксперттин корутундусуна ылайык, алынган суюк зат болжол менен 20-21 пайызды түзгөн “Аммиак суусунун” суу эритмеси болуп саналат.
Бул факт боюнча жүктүн ээси Ж.И. Ош шаары жана Ош облусу боюнча КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы No 543 токтомунун (№3 тиркеме) негизинде, “аммиак суусу” амфетамин, амфетамин түрүндөгү стимуляторлорду жана башка психотроптук заттарды мыйзамсыз өндүрүүдө колдонулат жана атайын эл аралык жана улуттук көзөмөлгө алынуучу заттардын чектелген тизмесине киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ