Menu

Бакыт ажы Нурдинов: “Садыр Нургожоевич, сизден сураныч “кичине баладай ой жүгүртуп аткан” Арзыбек Буркановдун тизгинин тартып коюңузчу”

Бөлүшүү:
БТК мүчөсү Бакыт ажы Нурдинов бүгүн, 20-январда Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу Садыр Жапаровго кайрылып, кеңешчиси Арзыбек Бурканов былык иштерди жасап жатканын айтты.
“Азыркы тапта дин чөйрөсү тынч эмес. Аны козгогон жана дин чөйрөгө бүлүк салып жаткан ушул Арзыбек Бурханов болууда. Ал Президенттин алдындагы дин иштер боюнча комиссиясынын директоруна жана Азирети муфтийге айтпай туруп, Аалымдар Кеңешинин кээ бир мүчөлөрүнө Садыр Жапаровдун атын сатып, ал айтты тез арада Аалымдар Кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрүп, Азирети муфтий Максатбек ажыны жумуштан алгыла да өзүнүн “жердеши жана досун” койгула деп “….. зордука” алып атыптыр. Чынын айтканда анын кызыкчылыгы, Президенттин инаугурациясына Азирети Муфтий Максатбек ажыны кийирбей, өзүнүн “досун” кийирүү менен Муфтийлик кызматка койуу, жыйынтыгында Ажылыкты колго алуу болуп атат окшойт… Ушул кичине кызыкчылыгы жана өз билемчилиги менен Садыр Нургожоевичти мусулмандар арасында кадыр баркын кетиргени атат. Ансыз деле Аалымдар Кеңеши ушул айдын этегинде чогулуп Мусулмандардын Курултайын белгилемек жана мыйзамдын негизинде иштер ирээти менен кетмек…”, – деп жазды Бакыт ажы Нурдинов.
“Сөзсүз эле “кеңешчиге” татыксыз Арзыбек Бурканов айткандай эле болуш керекби? Менин оюмча ал “от” менен ойноп атат.
Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизден сураныч “кичине баладай ой жүгүртуп аткан” Арзыбек Буркановдун тизгинин тартып коюңузчу. Сизге туура эмес маалымат жеткирип атат окшойт. Сиз Адилеттүүлүк жана Калыстык кылууда Президенттин алдындагы дин иштери боюнча комиссиянын директору Акин Токталиевди жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажыны кабыл алып, угуп көруп, туура чечим чыгарат деген ниеттебиз”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: