Menu

Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда улуттук филармонияда өтөт

Бөлүшүү:

Кыргызстанда 10-январдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү инаугурациясы 28-январда болот. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов 21-январда билдирди.

Маалыматка караганда, инаугурация Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Ант берүү аземин уюштуруу тобун президенттик аппараттын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт. Азыр инаугурацияга даярдыктар башталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январда жарыялаган добуш берүүнүн расмий жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандын президенти болуп Садыр Жапаров шайланды. Жапаров шайлоого келген элдин 79,20% добушун алды.

Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% гана катышты.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга дайындалып, аны менен кошо башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдум өттү.

Боршайкомдун расмий жыйынтыгы боюнча референдумга келген элдин 81% президенттик башкаруу ыкмасын колдоду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: